Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жол кырсыгы 15-июнь кечки саат он бирлерде Бишкек-Ош жолунун 463 чакырымында болгон. “Хонда Одиссей” жана “Жигули” автоунааларынын кагылышуусунан үч адам өлүп, дагы үчөө жарадар болгон. Жараат алгандар жергиликтүү ооруканаларга жеткирилген. (AiT)