Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

А.Кудайбердиев менен С.Шойгу жолугушту


Кыргызстан менен Орусиянын коргоо министрлеринин 16-июнда Москвадагы жолугушуусунда Ооганстандан коалициялык күчтөрдүн чыгырылып жатышына байланыштуу Кыргызстан менен Орусиянын Куралдуу күчтөрү ар кандай коркунучтарды четтетүүгө даяр болуш керектиги айтылды. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу “Кыргызстан менен аскердик багытта кызматташууда артыкчылык берилет. Биздин кызматташуу Борбор Азия регионунда туруктуулукту сактоодо аз эмес факторго ээ” деп белгилеген. Сергей Шойгу ошондой эле Кыргызстанга заманбап курал боюнча келишимге жетишилгенин да кошумчалаган.

Кыргызстандын коргоо министри Абибилла Кудайбердиев Москвага “Армия-2015” аскердик-техникалык форумдун алкагында барган. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинен маалымдалды. (AiT)

XS
SM
MD
LG