Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Президент футбол таймашын уюштуруудагы кемчиликтер боюнча өкмөт башчы менен сүйлөштү


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин басма сөз катчысы Жанар Акаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, президент кечээги футболдук беттешке баштан аяк көз салды.

“Биздин футболчулардын чеберчилигине жана Азия чемпиондорунан жазганбай ойногонуна өлкө башчысы ыраазы болду. Он миңдеген күйөрмандардын шыктандырып, туш-туштан колдогонуна кубанып, Кыргызстанда өз мекенин урматтоо сезими артып жатканын белгиледи. Ошону менен катар эле президент билет сатып алып, бирок стадионго киргизилбеген футбол күйөрмандары көп болгонуна, стадиондогу уюштуруу иштеринин начардыгына ачууланды. Алмазбек Атамбаев бул кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча, стадиондун жетекчилигине жана башка уюштуруучуларга тиешелүү чараларды көрүү боюнча өкмөт башчысы Темир Сариев менен сүйлөштү. Борбордук стадионду эл аралык стандарттарга ылайыктоо жагын кароо өкмөткө сунушталды. Бирок кандай шартта болбосун футбол таймашын уюштурууда катачылыктарга жол берилбеши керек болчу, буга байланыштуу стадион жетекчилиги жана башка уюштуруучуларга сөзсүз чара көрүлөт”,- деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз катчысы Жанар Акаев.

Кечээ 16-июнда Кыргызстандын улуттук курамасы Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо австралиялык футболчуларды кабыл алып, оюн 1:2 эсебинде Австралиянын пайдасына аяктады. (AzK)

XS
SM
MD
LG