Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

Борбор Азия университети Ысык-Көлдө жайкы лагерь ачты


Лагерге Кыргызстандан, Тажикстандан жана Казакстандан келген 76 окуучу катышууда. Нарындагы Борбор Азия университети Ага Хан фондунун долбоору болуп эсептелет. Аталган окуу жайдан кабарлашкандай, башында оюн-зоок түрүндөгү окууга келүү үчүн аталган мамлекеттерден 850 талапкер арыз жазган.

Лагерь 17-июндан 7-июлга чейин уланат. Анда окуучуларга англис тили, математика жана дене тарбия боюнча интерактивдүү сабактар уюштурулууда. Тренерлер Канада, Улуу Британия, АКШ жана Франциядан келген.

Интерактивдүү окуу үчүн ар бир катышуучу 300 доллардан мүчөлүк акы төлөйт. Айрымдарынын социалдык шартына жараша төлөм акысы кыскартылган. (MiK)

XS
SM
MD
LG