Саммит Грециянын карыз кризисин жөнгөрүү максатын көздөйт.
Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас еврону колдонгон өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешмекчи.
Брюсселдеги бүгүнкү чукул сүйлөшүүлөрдүн алдында Ципрастын кеңсеси грек тарап өз сунуштарын Германия канцлери Ангела Меркел, француз президенти Франсуа Олланд жана Еврокомиссиянын президенти Жан Клод Юнкерге бергенин маалымдады.
Карыз кризисинин кайрадан курчушу Греция Эл аралык валюта коруна 30-июнда 1,8 миллиард долларды төлөп берүү мөөнөтү келип калганына байланыштуу. Бирок казынада акча жок грек өкмөтү аны жабуу үчүн жаңы карыз алууга муктаж.
Кредиторлор жаңы карыз берилиши үчүн өкмөт айрым реформаларга баруусун, маселен мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы менен пенсияга кеткен акчаны кыскартууну, кошумча нарк салыгы алынуучу товарлардын тизмесин кеңейтүүнү талап кылууда.
Бирок бийликке солчул идеялары жана үнөмдөөнү токтотуу убадасы менен келген премьер Алексис Ципрастын өкмөтү мындай чараларга баруудан баш тартып жаткан.(UE)