Баа негизинен сырттан алып келинүүчү унга бажы төлөмдөрүн алып салууга байланыштуу арзандайт. Бул Кыргызстан ЕАЭБге кирүүсүнө байланыштуу бажы эрежелерине жараша ишке ашмакчы. Кыргызстандын ун өндүрүүчүлөрү мындан улам жергиликтүү өндүрүш токтоп калат деген тынчсызданууларын билдиришүүдө. “Дан-Юг” ун комбинатынын жетекчиси Султан Тойгонбаев мындан дыйкандар да, ун өндүрүүчү ишкерлер да жабыркайт деп билдирди:
- Чек аралар ачылса, биздин өндүрүш кышка жетпей токтойт. Биз ата мекендик өндүрүштү сактап калуу үчүн импорт буудайды кошумча нарк салыгынан бошотууну өтүнүп, өкмөт башчыга, экономика министрлигине жана парламентке кат жолдогонбуз. Азырынча эч кандай жооп жок.
Кыргызстандагы ишкерлер жылына 800 миң тонна ун өндүрүшөт. Андагы тегирмендерде иштеп, үй-бүлөсүн каржылагандардын саны он миңден ашуун.(ZKo)