Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

НАТО ыкчам аракеттенүү курамын кеңейтет


НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр альянстын ыкчам аракеттенүү күчтөрүнүн санын көбөйтүү боюнча макулдашууга келишти. НАТОнун Брюсселдеги жыйынында сүйлөгөн уюм Баш катчысы Йенс Столтенберг НАТО өлкөлөрүнүн коргоо министрлери ыкчам аракеттенүү тобунун курамын 13 миңден 40 миңге чейин көбөйтүү пикирине келишкенин жарыялады.

Макулдашууга ылайык эми НАТОнун ыкчам курамы аба күчтөрү, деңиз аскерлери жана атайын даярдыктан өткөн бөлүмдөр менен толукталат. Муну менен катар министрлер алдын ала коргонуу боюнча жаңы концепциясын жана аскердик же саясий маселелерде тез чечим кабыл алуу жана дароо реакция жасоо боюнча жаңы планын кабыл алышты.

Столтенберг кабарлагандай, бул өзгөрүүлөр Орусия Крымды аннексиялап алганына, Москванын колдоосу аркылуу Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилер конфликт чыгарып жатканына байланыштуу киргизилди. Ал ошондой эле бул чечимдер ар кандай кырдаалда аскерлерди тез чогултууга жана өзөктүк курал колдонуу тууралуу чечилбей келаткан талаштар үчүн жакшы ыкма деди. (ErN)

XS
SM
MD
LG