Нарында майып адамдардын «Чексиз мүмкүнчүлүктөр дүйнөсү» деген аталыштагы 4-республикалык музыкалык фестивалына даярдык көрүлүүдө. 3-июлда өтө турган бул иш-чараны «Мүмкүнчүлүк» жана «Нарындын өзгөчө муктаждыгы бар балдарынын ата-энелери» коомдук уюмдары уюштуруп жатат.
Бул фестиваль 3 жыл мурда Жалал-Абадда башталып, кийин Ысык-Көлдө жана Ош шаарында өткөн.
Ага 18 жаштан 50 жашка чейинки ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар катыша алат. Алар эстрада, фольклор жана бий боюнча күч сынашат. (MiK)