Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:12

Бүгүн кыйноолорго каршы эл аралык күн белгиленет


1987-жылы 26-июнда кыйноолорго жана башка ырайымсыз, адамгерчиликсиз жазалоого каршы БУУнун Конвенциясы күчүнө кирген. Конвенцияны кабыл алган өлкөлөр мындай жазаларды колдонууга тыюуга макулдугун билдирип тим болбостон, аларды тааныбашы керек.

Кыргызстандагы Кыйноолордун жана зомбулуктун алдын алуу боюнча түзүлгөн улуттук борбордун маалыматы боюнча аларга келип түшкөн арыздардын дээрлик 80 пайызы милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазылган. Мындан сырткары психиатриялык ооруканаларда, карылар үйлөрүндө жана интернаттарда кыйноо учурлары көп кездешери айтылат.

XS
SM
MD
LG