Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Египетте баш прокурордун унаасы жарылды


Гелиополь шаарындагы жардыруудан улам Египеттин башкы прокурору Хишам Баракат жарадар болуп, оорукана түштү. Баракаттын мурду “талкаланганын жана далысы чыгып кеткенин, абалы өтө оор эмес экенин” дарыгерлер кабарлашууда. Аны менен кошо баш прокурордун сакчысы да бейтапканага жаткырылды.

Аскердик академиянын алдында орун алган жардырууну анча таанымал эмес “Гизанын элдик каршылыгы” аттуу топ моюнга алды.

Буга чейин алты согушкер өлүм жазасына тартылгандан кийин “Ислам мамлекети” террорчул кыймылы Египеттин сот жана прокуратура кызматкерлерине кол салууга чакырык таштаган. Алар “Мусулман агайындар” уюмунун мүчөлөрүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышына да нааразы болуп келген.

Хишам Баракат Египеттин башкы прокуру болуп 2013-жылдан бери иштейт. Кызматка дайындалгандан кийин анын буйругу менен 15 негизги “исламчылардын” банктык эсептери чектелген. Кийин Баракат мурдагы президенттер Мухаммед Мурсинин жана Хосни Мубарактын тарапкерлерин жоопко тартуу боюнча иштерди алып барган. (ErN)

XS
SM
MD
LG