Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:18

Судья Сооронкулованын маселеси эртең кайра добушка коюлат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулова өзү билдирди. Анын айтымында, бүгүн парламент аны кызматтан алуу боюнча маселени эки ирет добушка койгон. Биринчисинде аны кызматтан бошотууга 77 депутат "макул" деп берип, 19у "каршы" болгон. Маселе кайрадан добушка коюлуп, 75и "макул", калганы "каршы" деп добуш берген. Процедура боюнча 80 добуш берилгенде гана Клара Сооронкулова Конституциялык палатанын судьясы кызматынан алынмак. Клара Соорокулованын айтымында, бул маселе бир эле ирет добушка коюлушу керек эле. Анын кайра-кайра добушка коюлушу мыйзам бузуу болуп саналат.

Сооронкулова жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн парламенттин сунушунун негизинде Соттор кеңеши аны 18-июнда мөөнөтүнөн мурда иштен алган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG