Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Судья Сооронкулованы колдогондор Ак үй алдына чыгышты


Бүгүн 30-июнда Ак үй алдына жүзгө чукул киши, алардын ичинде “Жаңы муун” кыймылынын өкүлдөрү чыгып, Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкуловага колдоо көрсөтүүдө. Алар колдоруна “Соорокуловадан колуңду тарт” деген жазууларды көтөрүп турушат.

Кечээ Парламент Клара Соорокулованы кызматтан алуу маселесин эки ирет добушка коюп, бирок анын жыйынтыгын жокко чыгарып, добуш берүүнү бүгүнкүгө калтырган. Клара Сооронкулова бул маселе мыйзам боюнча бир эле ирет добушка коюлушу керектигин белгилеп, анын кайра-кайра добушка коюлуусун мыйзам бузуу деп атаган.

Мыйзам боюнча Конституциялык палатанын судьясы Клара Сооронкулованы кызматтан алуу үчүн парламентте депутаттардын 80 добушу берилиши керек. Кечээ биринчи добуш берүүдө 77 депутат макул деп добуш берсе, экинчи добушка коюлганда 75 депутат добуш берип, 80 добуш топтолбой калган эле.

Сооронкулова жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз деген пикирин айтканы үчүн парламент сунушунун негизинде Соттор кеңеши аны 18-июнда мөөнөтүнөн мурда иштен алган болчу. (AzK)

XS
SM
MD
LG