Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:43

Еревандагы нааразылык акциясы жарым-жартылай токтоду


Электр энергиясына баанын жогорулашына каршы акция. Ереван. 29-июнь 2015
Электр энергиясына баанын жогорулашына каршы акция. Ереван. 29-июнь 2015

Электр энергиясынын кымбаттоосуна каршы Еревандын Эркиндик аянтында өтүп жаткан нааразылык акциясы токтоду. “Тоноого жол жок!” деп аталган кыймылдын уюштуруучуларынын айтымында, алар өкмөткө конкреттүү сунуштарды жасоо үчүн экономист, юрист, эксперттерден турган атайын топту түзүшөт. Бирок алардын экинчи канаты акцияны токтотпойт. Алар мурда Баграмаян проспектисинде отурушса, 30-июндан баштап Эркиндик аянтына өтүшөт.

Электр кубатына баанын 16% жогорулашына каршы Еревандагы акция 23-июндан бери күнү-түнү уланууда. Бийлик “Армениянын электр тармактары” компаниясынын бааны жогорулатуу себебин иликтөөгө макулдук берди.

XS
SM
MD
LG