Мындай чечимди Тажикстандын Улуттук банкы структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу кабыл алды.
Банктын маалымат кызматы “Азаттыктын” тажик кызматына кабарлагандай, 200 кызматкер 1-июлдан баштап жумушка чыкпайт.
Улуттук банктын жетекчилиги 25-июнда өткөн жыйынында банкты өнүктүрүү үчүн структуралык аппараттын жана аймактык өкүлдөрдүн иш орундары жаңыдан түзүлгөнүн маалымдаган. (ErN)