АКШнын Юстиция министрлиги Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун үй-бүлөсүнө таандык компанияларынын банк эсебиндеги 300 миллион долларды камакка алууну талап кылууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы маалымдады. Билдирүүдө мындай талап Өзбекстандын телекоммуникациялык тармагындагы бир катар шектүү келишимдерди иликтөөнүн натыйжасында чыкканы айтылат.
АКШнын Юстиция министрлиги америкалык биржада катталган эки орусиялык компаниянын ишмердүүлүгү боюнча иликтөө жүргүзүп келет. Иликтөөнүн версиясы боюнча, орусиялык МТС жана “Вымпелком” компаниялары Ислам Каримовдун кызы Гүлнарага Өзбекстандын телебайланыш базарына чыгуу үчүн пара берген. Бул акча азыр Bank of New York Mellon банкынын жана Ирландия, Люксембург, Бельгиянын банктарынын эсебинде турат.
«Вымпелком» жана МТС компанияларынын өкүлдөрү бул маалымат боюнча бир нерсе билдирүүдөн баш тартышты.
Мурдараак Өзбекстандын прокуратурасы Гүлнара Каримованы мыйзамсыз менчиктеп алган 53 миллиондон ашык доллар боюнча айыптаган. Каримова эки жылдан бери эл алдына чыга элек. Анын адвокаты Лоскли Райандын айтымында, президенттин тун кызы өткөн жылдын февралынан бери үй камакта.