Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

Энергетика министрлиги бардык энергокомпанияларды көзөмөлдөйт


Жакында Кыргызстандагы бардык мамлекеттик энергетикалык жана бөлүштүрүүчү компаниялар Энергетика министрлигинин көзөмөлүнө өтөт. Бул тууралуу министр Кубанычбек Турдубаев билдирди. Ушул тапта көзөмөлгө алуу боюнча токтомдун долбоору өкмөткө киргизилди.

Министрдин билдиришинче, мындай чечим кабыл алынгандан кийин Энергетика министрлиги энергетика секторуна жана бөлүштүрүүчү компаниялар үчүн жоопкерчиликти толук моюнуна алат. Белгилей кетсек, азыр бардык алты мамлекеттик энергокомпаниялардын көзөмөл пакети Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунда болуп саналат. (AzK)

XS
SM
MD
LG