Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Өкмөт жыл соңуна чейин Кумтөрдү иштетүүгө уруксат берди


Кумтөр кени
Кумтөр кени

Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги “Кумтөр голд Компани” ишканасына ушул жылдын соңуна чейин зыяндуу заттардын агындысын абага чыгаруу жана калдык сактоо жайга таштоого уруксат берди.

Бул тууралуу Centerra Gold Inc компаниясынын расмий сайтында жарыяланды. Жыл соңуна чейин убактылуу уруксат берилгенин “Азаттыкка” аталган агенттиктин башчысы Сабыржан Атажанов дагы тастыктап, бирок кенен маалымат берген жок.

Буга чейин өкмөт коомчулукта талкуу жараткан “Суу кодекси” өзгөрбөсө, 6-июлдан тартып “Кумтөр” ишканасы токтой турганын айтып чыккан. Бирок депутаттар жана экологдор муну менен Кумтөрдөгү Давыдов мөңгүсүнөн башкаларды бузууга да жол ачылат деп кооптонууда.

"Кумтөр" ишканасы жыл сайын бекитилүүчү тоо иштери боюнча план менен иштейт. Быйылкы пландын узартылган мөөнөтү 6-июлда токтомок. Centerra Gold Inc бул маселе кыргыз өкмөтү менен дагы талкууланарын жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG