Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Өкмөт үч эмдин энесине жардам берди


Үч эм төрөгөн Бактыгүл Камчыбек кызына өкмөттүн фондунан 200 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. Июнь айынын башында Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда үч эм төрөгөн эне жардамга муктаж экенин "Азаттыкка” билдирген болчу. Ал жолдошу менен кош бойлуу кезинде ажырашып кеткенин, апасы аны кабыл албай коюп Бишкекке келгенин, барар жери жоктугун айткан. Учурда алар шаардагы адистешкен балдар үйүндө жашап жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG