Кыргыз-тажик чек арасында 6-июль күнкү атышууда каза тапкан жаранга кимдин огу тийгени белгисиз. Ал эки тараптуу иликтөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнөн билдиришти.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары жана күч органдарынын өкүлдөрү жолугуп, куралдуу чырдын чоо-жайы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Маалыматтарга караганда, 6-июль күнү түштөн кийин Көчө-Карын аймагында Ош-Исфана чоң жолунун жээгиндеги дөңсөгө чыгып алган тажикстандык алты жаран ары-бери өткөн Кыргызстандын автоунааларына таш ыргыткан. Бул эки тараптын чек арачыларынын кийлигишүүсүнө чейин жетип, натыйжада тил табыша албаган аскерлер ок чыгарган. Андан таш аткан тажик жараны жараат алып, ооруканада жан берген.
Окуя такталбаган тилкеге жакын жерде, Кыргызстандын аймагында болгон. (SE)