Британияда 52 адамдын өмүрүн алган мындан он жыл мурдагы теракттын курмандыктары эскерилүүдө. Жер-жерлерде атайын эскерүү аземдери, унчукпоо мүнөттөрү өтүп жатат.
Принц Уильям 7-июлдагы терактта каза болгондордун Гайд-Парктагы эстелигине катышары күтүлүүдө.
2005-жылы “ал-Каида” менен катышы бар жанкечтилер Лондондун үч метросун жана автобусту жардырган. (ErN)