Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы кыймыл маалымат жыйынын өткөрөт


Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы чыгып жаткан “Талас эл ынтымагы” кыймылынын мүчөлөрү бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшөт. Алар кен казууга каршы чыгып жатышканынын себебин түшүндүрүп, аягына чейин турарын айтып беришмекчи.

“Талас эл ынтымагы” кыймылынын мүчөлөрү Жерүй алтын кенин казууга каршы 2-июлда жыйын өткөрүшкөн. Анда орозо айы ичи кенди иштетүүгө каршы акцияларды токтото туруу, 21-июлда облустук деңгээлде жыйын куруу чечимин кабыл алынган эле.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштетүү укугун орусиялык "Востокгеолдобыча" ишканасы утуп алган. Аталган компания жакында Кыргызстандын бюджетине талап кылынган 100 миллион долларды толугу менен которгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG