Кыргызстандын Чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев бүгүн иш сапар менен Баткенде жүрөт. Аталган мекемеден кабарлашкандай, ал Тажикстандын Чек ара аскерлеринин өкүлү менен жолугуп, мамлекеттик чек арадагы абалды жана аймакта коопсуздукту камсыз кылууда бирге кызматташуу маселесин талкуулайт.
Кыргызстан менен Тажикстан мурдараак чек арада ок чыгарбоо тууралуу келишкен. Бирок ага карабай, 6-июлда Баткен районунун Көчө-Карын жергесинде болгон окуяда эки тараптын чек арачылары бирден ок чыгарып, натыйжада тажик жараны ок жеп мерт болгон. Ал кимдин огунан көз жумганы азырынча тактала элек. (RK)