Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы Райымберди Дүйшөнбиев Тажикстандын башкы чек арачысынын орун басары Ражабалы Рахмонали менен жолугушуп, мындан ары куралдуу кагылыштарды болтурбоо тууралуу документке кол коюшту.
Сүйлөшүүлөр 8-июлда Тажикстандын Исфара шаарында болгонун “Азаттыкка” Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн өкүлү Сажира Чоколоева билдирди:
- Эки тараптуу жолугушуунун жыйынтыгында аскерлер бири бирине жана жарандарга мындан ары курал колдонбоо боюнча макулдашууга кол коюлду. Чыр-чатак чыккан учурда эки тараптуу документтердин негизги жоболорун үйрөтүү үчүн жоокерлерге окутууларды тез-тез өткөрүп туруу маселеси сүйлөшүлдү.
Аталган макулдашуу 11-июлдан тарта күчүнө кирет.
Буга чейин кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыштар көп катталган. 6-июль күнү да Көчө-Карын жергесинде аскерлер аткан октон бир тажик жараны көз жумган. (SE)