Грециядагы кризиске карабай, Балкан өлкөлөрүнүн Евробиримдикке кошулуу ниети ишке ашуусу мүмкүн. Бул жөнүндө Германия канцлери Ангела Меркель 8-июлда региондогу сапары учурунда билдирди. Ал визиттин алгачкы күнү Албания жана Сербияда болду. Береги эки өлкөнүн ЕБга мүчө болуу дымагын Грециядагы финансылык капсалаң татаалдантып койгон. Меркель Белгард кредиторлордун катуу талабына ынанбаган серб улутчулдарынын орусиячыл канатынын катуу каршылыгына карабай, Сербия Биримдикке кошулат деген өнөктүктүн уюштуруучусу - премьер-министр Александр Вучичтин аракетин жактырды. Ангела Меркель бүгүн 9-июлда Босния-Герцоговинага барат.