Дүйшөмбү шаарында күйөөсү “үч талак” берген аял үч баласы менен кошо дарыяга бой таштаган. Аял куткарылып, бирок балдардын баары чөгүп кеткенин “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлады.
Окуя Ёвон районунда 5-июль күнү болгон. Аялдын аты-жөнү Парвина Абдуллаева, анын мерт болгон балдары беш, алты, жети жаштарда болчу. (SE)