Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Генерал Данфорд: Орусия АКШ үчүн “эң чоң коркунуч туудурат”


Генерал Жозеф Данфорд Сенаттын комитетиндеги угуу кезде. Вашингтон, 9-июль 2015

АКШ Куралдуу күчтөрүнүн акимдеринин биргелешкен штабынын төрагалыгына талапкер, генерал Жозеф Данфорд улуттук коопсуздукка Орусия “чоң коркунуч” жаратат деди. Ал мындай оюн 9-июлда Сенаттагы угуу кезинде ортого салды:

- Эгер мени Кошмо Штаттардын жашоосуна коркунуч жарата алчу өлкөнү ата десеңиздер, мен Орусияны көрсөтмөкмүн. Эгер анын жүрүм-турумуна карасаңыздар, кооптондуруу жаратканын көрөсүздөр.

Данфорд ошондой эле эгер Украинага куралдан жардам берилбесе, Орусиянын баскынчылыгынан өзүн коргой албайт деди. Анын айтымында, АКШнын улуттук коопсуздугуна Кытай, Түндүк Корея жана “Ислам мамлекети” экстремистчил тобу да коркунуч жаратат.

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG