Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:03

Таластагы Бекмолдо айыл өкмөтүнө Жерүйдүн акчасы келип түштү


Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев 10-июлда Таласта эл менен жолугушууда билдиргенин өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн эсебине түшкөн каражат 170 млн. сомду түзөт. Ушундай эле каражат район жана облус эсебине да түшөт. Темир Сариев Жерүйдүн иштеши менен Талас облусу дотациядан чыгарын билдирген.

Жерүй алтын кенин иштетүүгө жергиликтүү калктын бир бөлүгү каршы чыгып, кенди иштетүү экологиялык зыян алып келет деген ишеничте турат. (AiT)

XS
SM
MD
LG