Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:49

Күн 41 градуска чейин ысыйт


12-июлдан 16-июлга чейин катуу ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында 36…41 градуска чейин, тоо этектеринде 30…35 градус, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 29…34 градуска чейин көтөрүлүшү күтүлөт.

Ушундай ченемден тышкары ысык аба ырайы учурунда терини күйгүзүп алуудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүн алдында көпкө жүрбөө, дыйкандарга айыл чарба өсүмдүктөрүн суудан өксүтпөө сунуш кылынат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13...18, күндүз 32...37;

Талас жергесинде түнкүсүн 10...15, күндүз 30...35;

Баткен облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 32...37;

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 16...21, күндүз 34...39;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 10...15, күндүз 27...32,

Нарында түнкүсүн 8...13, күндүз 28...33.

13-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18 градус жылуу, күндүзгү жогорку температурасы 35…37 градус жылуу болушу күтүлөт

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 11-июлда күндүз 22 градус, 12-июлда эртең менен 20 градус түздү.

XS
SM
MD
LG