Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:43

Карловы Вары фестивалы жеңүүчүлөрүн тапты


Чехиянын Карловы Вары шаарында өткөн элүүнчү эл аралык кинфестивал жыйынтыкталды. Ага Кыргызстандан режиссер Мирлан Абдыкалыковдун “Сүтак” аттуу толук метраждуу тасмасы катышты.

Фестивалдын баш байгеси - хрусталь глобусту жана 25 миң долларды америкалык режиссер Диего Онгаронун “Боб жана бак” тасмасы илип кетти. 2-орунду жана калыстардын атайын сыйлыгын австриялык режиссер Петер Бруннердин “Жыгылып бараткандардын канаты бар” тасмасы алды. Фестивалда дүйнөнүн чар тарабынан келген 226 тасма көрсөтүлдү. (UEz)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG