Дипломаттар 13-июлдан калбай мунаса табабыз деп мерчемдешүүдө. 13-июлда Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчинин айтымында, калган суроолор ушул түнү же эртең түндө чечилет деп айта албайт.
Президент Хасан Роуханинин Австрия убактысы боюнча саат 19:30да Иран өкмөттүк телеканалдан болчу кайрылуусу ядролук келишимге кол коюлат деген жышаана ирети жоромолдонууда.
Кытай тышкы министри Ван И бүгүн Венага келер замат келишим кийинкиге калбасын жана калтырылышы мүмкүн эмес экенин эскертти. Буга чейин сүйлөшүүнүн мөөнөтү үч жолу узартылган. Иран жана алтылыктын (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) тышкы иштер министрлери да 13-июлда Венага келишери маалымдалды.