Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:45

Премьер жаңы стадион куруу долбоорун иштеп чыгууну тапшырды


Бишкек шаарында жаңы, заманбап стадион куруу үчүн атайын долбоор иштелип чыгат. 13-июль күнү премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн спорт тармагындагы мекемелердин өкүлдөрү менен жолугушкан учурда ушундай тапшырма берди. Өкмөт башчынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жаңы стадион куруу үчүн 100 миллион доллар керек. Ал бир гана футболго ылайыкталбай, спорттун бир нече түрү менен машыга турган комплекс болот.

Ошондой эле өкмөткө 25 миң көрүүчү баткан, 30 миллион долларга бааланган футболдук стадион куруу боюнча экинчи план да сунушталды.

Азыр Бишкекте футбол оюндары Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Аны реконструкциялоо үчүн быйыл бюджеттен 8 миллион сом бөлүнөт. Каражатка стадиондун газону алмаштырылат жана коопсуздук чараларын күчөтүү үчүн айланасындагы дубалдар көтөрүлөт. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG