Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Ысык-Көл: жарым жылда диний-экстремизмге байланышкан 14 факты аныкталды


Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИБнин жарым жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча отчетто айтылды.

Маалыматка ылайык, алты айда 207 даана экстремисттик маанайдагы адабияттар алынып, Сирияга согуш талаасына кеткен жети факты аныкталган. Акыркы маалыматтарга караганда, Ысык-Көлдөн Сирияга 39 адам кеткен.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2015-жылдын алты айында 1102 кылмыш катталып, кылмыштын бетин ачуу 2,5 пайызга өскөнү белгиленди. (AsA)

XS
SM
MD
LG