Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Ноябрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:47

АКШ украин армиясын окутуу боюнча планды карап жатат


Америка Кошмо Штатттары украин аскердик күчтөрүн окутуу планын кеңейтүүнү максат кылып жатканын Американын Европадагы күчтөрүнүн командири Бен Ходжес билдирди.

Учурда Украинада 305 америкалык аскер кызматкери бар. Алар украин Улуттук гвардиясынын жер-жерлердеги бөлүмдөрүнүн жоокерлерине кеңешчи жана инструктор катары иш алып барууда. Кеңейтүү боюнча планды Вашингтон бекитсе, ноябрдан баштап украин аскерлерин үзгүлтүксүз окутуу жүрөт.

Генерал Ходжестин кабарлашынча, Украинанын чыгышындагы жикчилдерге Орусия дагы аскердик техникаларды бериши мүмкүн. «Жикчилдер дагы чабуулдарды жасоосу күтүлөт. Ага Украин аскерлери толук даяр болушу керек»,- деди Бен Ходжес

Бир ай мурдараак АКШ конгресси Украинага 300 миллион доллар суммасында аскердик жардам берүү резолюциясын кабыл алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG