Орусиянын Мамлекеттик думасында британиялык Би-Би-Си телерадиоберүү корпорациясынын эсептерин жабуу сунушталды. Бул “Орусия бүгүн” маалымат агенттигинин эсептери Британияда жабылганына жооп-чара катары демилгеленүүдө. Бул тууралуу Думанын эл аралык иштер боюнча комитетинин жетекчиси Алексей Пушков РИА “Новости” агенттигине билдирди.
Пушков “Орусия бүгүн” (Russian Today) маалымат агенттиги пропаганда жүргүзүп жатат деген айыптоону четке кагып, "тескерисинче Би-Би-Си чындыкка дал келбеген кабарларды таратууда” деп белгиледи.
“Орусия бүгүн” агенттигинин жетекчиси Дмитрий Киселев мекеменин Barclay’s банкындагы эсеби жабылганын цензура деп атаган. Орусиялык ТИМ болсо Британиядан бул кадамын тез арада түшүндүрүүнү талап кылышкан.
Британия Дмитрий Киселевге карата санкциянын алкагында 8-июлда агенттиктин эсептерин бир тараптуу бууган. Июнда болсо Франция менен Бельгия “Орусия бүгүн” маалымат каражатынын эсептерин камакка алган. Бул аракеттер "ЮКОС Юниверсал Лимитед" компаниясынын арызынын негизинде, Гаага сотунун чечими менен кабыл алынган. Соттун чечимине ылайык “ЮКОСтун” мурдагы акционерлерине Орусия 50 миллиард төлөп бериши керек. (ErN)