Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Венгрияда чек арага дубал курууга каршы акция өттү


Будапешт шаарында демонстрацияга чыккандар Сербия менен чек арага дубал тургузууга каршылыгын билдиришти. Акция жарандык коом тарабынан уюштурулду. Алар колдоруна “Иса деле мигрант болгон”, “Менин эң жакын досум - мигрант” деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Венгрия өкмөтү Ирак, Сирия жана Ооганстандан келген мигранттардын өз өлкөсү аркылуу агымын азайтуу максатында Сербия менен чек арага узундугу 175, бийиктиги 4 метрлик дубал тургузууну чечкен. Бул кадам Европа биримдиги тарабынан да катуу сынга алынган эле. Ага карабай 13-июлда курулуш иштери башталган.

Венгрия бийликтери 2015-жылы чек арадан мыйзамсыз өткөн 78 190 мигрантты каттаган, анын 77 600ү Сербиядан кирген. (SE)

XS
SM
MD
LG