Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Пан Ги Мун: Аалам СПИДден арыла баштады


БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун дүйнөдө ВИЧ илдетине чалдыккандар саны азая баштаганын билдирди. Мындай пикирин 14-июлда Аддис-Абеба шаарында айткан Баш катчы 15 жыл мурункуга салыштырмалуу илдетти жуктургандар 35 пайыз азайганын белгиледи. СПИДден өлгөндөр саны да 41 пайыз төмөндөгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2000-жылдан бери 30 миллион адам ВИЧ жуктурганы аныкталды. 8 миллионго жакыны ушул дарттан улам дүйнөдөн өттү.

Кыргызстанда ВИЧ илдети менен 6 миңдей адам каттоого алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG