Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

Ысык-Көлдө туристтердин саны былтыркыдан 40% аз


Өткөн жылдын июль айына салыштырмалуу быйыл Ысык-Көлгө келген туристтердин саны 40% аз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев билдирди.

Ал быйылкы сезондун солгун болуп жатышын июндагы аба ырайы жаан-чачындуу болуп, ага катар орозодо эс алуучулар көп келбегенине байланыштырды. Мындан сырткары чек арада коңшу өлкөлөрдөн келген туристтер 10 саатка чейин кармалып, документ текшерүү, сырттан кирген унаалардан төлөм алуу сыяктуу тоскоолдуктар көп экени айтылууда.

Акимдин айтымында, эс алуу жайларындагы баалар быйыл өзгөргөн жок. Пансионаттарда бир адамга 1000-2000 сомдун тегерегинде, VIP-коттедждер 200-600 долларга чейин чыгат. Мындан сырткары жеке турак жайларда 300 сомдон 1000 сомго чейин батирлерди ижарага тапса болот. (AsA)

XS
SM
MD
LG