Алар негизинен социалдык талаптарды көтөрүшүүдө. Айылдык кеңештин депутаты, айыл аксакалы Камчыбек Нурмаматовдун билдиришинче, аталган айылдын тургундарынын жер, социалдык төлөм жаатында көйгөйлөрү бар.
“Сары-Могол 62 миң гектар жери менен Тажикстандын Мургаб районунда ижарада турган. 2004-жылы ал кайра Кыргызстанга кайтарылган. Мындан улам сарымоголдуктарга үлүш жер берилбей калган. Натыйжада пенсияга чыга албай келебиз. Учурда алты миңден ашуун калкы бар айылда 34 гана адам пенсия алат”, - деди Нурмаматов.
Анын айтымында, Сары-Моголдун жеринин жарымы кошуна айылга берилип кеткени да элди түйшөлтүүдө. Митингчилер ушул маселелерди чечүүнү бийликтен талап кылышууда. Алар менен азырынча эч ким жолугуша элек. Милиция абалды көзөмөлгө алууда. (YI)