Бүгүнкү Айт майрамына карата Ошто он чакты айдоочу элди шаар ичинде акысыз тейлешүүдө. Бул тууралуу «Азаттыкка» акциянын уюштуруучусу Талант Канатбек уулу кабарлады.
Алар өз унаалары менен шаар тургундарын орозо туткан-тутпаганына карабай тейлешип, ал үчүн эч кимден акы талап кылбай турганын айтышууда.
Уюштуруучулар бул акция шаар тургундарына позитив тартуулап, элдин бири-бирине болгон сый урматын жакшыртат дешет. Иш-чара учурунда саясий же диний көз караштар эч кимге таңууланбай турганын да кошумчалашты. (YI)