Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Орусия Одессадагы консулунун чыгарылып салынганына жооп берет


Украина -- Орусиянын Одессадагы башкы консулдугунун кире бериши.
Украина -- Орусиянын Одессадагы башкы консулдугунун кире бериши.

Орусия Украинанын Одесса облусундагы башкы консулунун чыгарылышына байланыштуу жооп иретинде тиешелүү чара көрөт. Бул тууралуу орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин бүгүн "Интерфакска" билдирди.

Мунун алдында Украина тышкы иштер министрлиги Орусиянын Одессадагы башкы консулунун милдетин аткарып жаткан Валерий Шибекону "персона нон грата" деп жарыялаган. Чечим украин коопсуздук кызматынын өтүнүчү боюнча кабыл алынган. Шибеко өлкөдөн чыгып, Орусияга келгени кабарланды.

Украин тараптын маалыматына караганда, Валерий Шибеко дипломаттык ишке шай келбеген ишке аралашып, консулдук катнаштар тууралуу Вена конвенциясынын эрежелерин бузган. Бирок дипломат кандай эреже бузганы айтылган эмес.

XS
SM
MD
LG