Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Грециянын мурдагы финансы министри Евробиримдиктин планын “кыйроо” деп атады


Мурдагы финансы министри Янис Варуфакис Евробиримдиктин Грецияны дефолттон сактоонун жаңы планы ишке ашпайт деп эсептейт.

Анын айтымында, Грецияны “ири макроэкономикалык кыйроого” алып келүү үчүн программаны мажбурлап кабыл алдырууда.

Грециянын финансы министри 5-июлда өткөн референдумдан кийин кызматтан кеткен. Ал бул кадамын премьер-министр Ципрастын эл аралык кредиторлор менен сүйлөшүүсүнө бир аз да болсо көмөктөшөт деген.

Жума күнү премьер-министр Алексис Ципрас Евробиримдик талап кылган катаал реформалар боюнча мыйзам долбоорлоруна каршы чыккан министрлерди кызматтан кетирди. 16-июлда грек парламенти Евробиримдик талап кылган катаал реформалар боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алган. Анын ордуна Афины эл аралык кредиторлордон 86 миллиард евро насыя алмакчы.

XS
SM
MD
LG