Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:26

КВН: "Азия MIX" Орусияда байгеге татыды


Орусиянын КВН Жогорку лигасынын "Голосящий КиВиН - 2015" музыкалык фестивалында кыргызстандык "Азия MIX" командасы "Большой КиВиН в темном" байгесине ээ болду. Бул тууралуу аталган КВН лигасынын расмий сайтында кабарланды.

Финалдык оюн 18-июлда Орусиянын Светлогорск шаарында өттү. Анда "Большой в золотом" наамын орусиялык "Парапапарам" командасы, кийинки "Большой в светлом" наамын казакстандык "Спарта" жана "Большой в темномду" кыргызстандык команда алды.

"Голосящий КиВиН" жылда өтүүчү музыкалык фестиваль. Былтыр Юрмалада өткөрүлгөн, быйыл фестивалга катышуу үчүн тандоо турунан алты команда өткөн.

Фестивалдын КВН оюндарынан айырмасы - командалар музыкалык бир гана сынактан өтүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG