Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:13

АКШ: Мамдепартамент Иран менен келишимди Конгресске берди


14-июлда Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине мүчө беш өлкөгө Германия кошулуп Иран менен түзгөн келишим Конгресстин кароосуна жиберилди. Америкалык мыйзам чыгаруучулар 60 күндүн ичинде келишим менен таанышып, өз чечимин чыгарат.

Мамлекеттик катчы Жон Керри CNN телеканалына берген маегинде эгерде Конгресс келишимди жактырбаса, анда Иран менен сүйлөшүүлөрдүн бардыгы текке кетерин эскертти.

Ишембиде президент Барак Обама жаңы келишим Иранды ядролук курал жасоодон баш тарттыра турганын айткан. Израилдин премьер-министри Бинямин Нетаняху болсо Конгрессти келишимди жактырбай туруп, Иранды дагы бир топ нерседен баш тарттырууга үндөгөн.

Нетаняху Венадагы келишим Ирандын агрессивдүү саясатын токтотуп, Тегерандын ядролук курал жасоо оюнан кайтууга милдеттендирбейт деп санайт. Жекшембиде Германиянын экономика министри Зигмар Габриэлдин Иранга үч күндүк сапары башталды. Немис министри келишимге кол коюлгандан кийин Иранга келген Батыштын жогорку даражадагы биринчи өкүлү болду.

XS
SM
MD
LG