Бул тууралуу Улуттук гвардиянын өкүлү Таалайбек Мырзабаев билдирди. Анын айтымында, батальондогу 200 аскердин санын 1500ге жеткирип, атайын бригада кылып түзүү мерчемделүүдө.
АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор Кыргызстандагы ишин токтотуп, чыгып кеткенине бир жыл болду. Өз ишин жыйынтыктап жатып, Транзиттик борбор кыргыз тарапка 30 млн. долларлык имараттарын жана техникалык жабдыктарын калтырган. Мырзабев бул жабдыктар чек ара бөлүктөрүнө таратылып берилгенге чейин кайтарууга алынарын кошумчалады.
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев транзиттик борбордун ордуна ачылган аскер бөлүгүнө барып, абалы менен таанышып чыкты. (КЕ)