Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:42

Астанада автобус кырсыгынан 20 адам жабыркады


Астанадагы шаардык автобустардын бири.
Астанадагы шаардык автобустардын бири.

Казакстандын ордо калаасында шаар ичинде каттаган автобус жол четиндеги электр мамысын сүзүп алган. Шаардык ички иштер департаменти кырсыктан жабыркаган 20 адам медициналык жардам алып, төрт киши ооруканага жаткырылганын кабарлады. Арасында автобустун айдоочусу да бар.

Кырсык жекшембиде Астананын Кунаев проспектисинде болгон. Алдын ала маалыматтарга караганда, ысыкта айдоочу өзүн жаман сезип, рулга ээ боло албай калган.​ Кырсыктын себептери иликтенүүдө.

XS
SM
MD
LG