Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Жалал-Абадда коогалаңга шектүү адам кармалды


Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгы 18-июлда райондун тургуну, 38 жаштагы Лочинбек Артыковду кармады. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азизбек Өскөнбаев билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган адамдын 2010-жылдын 13-июнунда Базар-Коргон айылындагы көпүрөдө болгон кандуу окуяга тиешеси бар болгону аныкталып, кылмыш иши козголгон. Орусияга качып кеткендиктен ага 2011-жылы издөө жарыяланган болчу. Маалыматка ылайык, Артыков паспортун алмаштырганы Кыргызстанга келгенде кармалды. Учурда бул багытта тергөө иштери кайрадан жанданды.

Жалал-Абадда 2010-жылдагы июнь коогалаңына катышып, кылмыш жасаган деп шектелген 40 адамга эл аралык издөө жарыяланган. Алардын 32cи Орусияда, жетөө Өзбекстанда жана бирөө Швецияда жүргөнү аныкталган. Бул өлкөлөрдүн укук коргоо органдарына издөө боюнча билдирүүлөр берилген.

Коогалаң учурунда Жалал-Абадан 90дон ашык адам каза болуп, 900ү ар түрдүү жаракаттарды алышкан. Төрт жарандын дайыны азыркыга чейин белгисиз. (RsK)

XS
SM
MD
LG