Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Темир Жумакадыров Президенттик аппараттын жетекчиси болуп дайындалды


Темир Жумакадыров
Темир Жумакадыров

Буга байланыштуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев парламент депутаты Хажимурат Коркмазовдун ишине байланыштуу убактылуу кызматтан бошогон. Президент Атамбаевдин бүгүнкү буйругуна ылайык, Нарымбаев кызматтан алынып, анын ордуна Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров дайындалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, парламент депутаты Хажимурат Коркмазов камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан 100 миң доллар пара алып жатканда 16-июлда кармалган. Айрым маалымат каражаттары бул ишке Нарымбаевдин дагы тиешеси бар деп жазып чыгышкан. Нарымбаев бул маалыматты төгүндөп, тишеси жок экенин билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG