Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:43

Маматалиев: өрттөнгөн үйлөр чукул арада калыбына келтирилиш керек


Өрттөлгөн үйлөрдүн бири
Өрттөлгөн үйлөрдүн бири

Бүгүн куралдуу топту кармоо операциясынын натыйжасында жабыркаган жарандарга келтирилген зыянды калыбына келтирүү маселеси боюнча түзүлгөн комиссиянын алгачкы жыйыны өттү.

Вице-премьер-министр Абдырахмат Маматалиев башында турган комиссиянын курамына Өзгөчө кырдаалдар, Ички иштер, Финансы министрлитеринин, Курулуш жана архитектура агенттигинин, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү кирген.

Маматалиевдин белгилешинче, окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү иш алып барууда. Учурда кетирилген зыяндын көлөмү эсептелип жатат. Жакынкы бир-эки күндө эсептөө иштери жыйынтыкталып, жабыркагандарга мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилчү каражаттын суммасы аныкталат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жерде беш үй өрттөнгөнүн билдирген. Операция учурунда колдонулган гранатадан улам өрт тутанып, ал кылмышка шектүүлөр жашынган үйгө жанаша жайгашкан үйлөрдү да жалмаган.

16-июль күнү Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жана ГЭС-5 конушунда куралдуу топту кармоо операциясы өткөн. Операция учурунда УКМКнын атайын отрядынын төрт жоокери жаракат алып, кылмышка шектүү алты адам өлтүрүлгөн, жетөө колго түшүрүлгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG