Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ысык-Көлдө бош орундардын жармаңкеси өтөт


Бүгүн жайкы сезондо Ысык-Көлдө иш табууну каалагандар үчүн эмгек жармаңкеси өтөт. Ага облустагы 30дан ашуун иш берүүчү компания катышып, 700дөн ашуун бош орун сунушталат. Анда негизинен кызмат көрсөтүү, тейлөө жана туризм тармагында иштеген кызматкерлерге суроо-талап жогору болууда.

Иш-чараны Эмгек, жаштар жана миграция министрлиги Борбор Азиядагы Евразия фонду менен биргеликте уюштурууда.

Министрликтин расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 212 миң адам ишсиз. Алардын 96 миңи жумуш издөөчү катары каттоого алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG