Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:53

Атамбаев: Коррупция менен күрөштө эч кимди аябайм


Бул тууралуу “Азаттыкка” президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Жанар Акаев билдирди.

“Президент коррупция менен күрөштө өзүнүн жакындары болобу, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар болобу, эч кимди аябай турганын айтты. Ал мурдагы аппарат башчы эле деп Нарымбаевди коргогон жок. Нарымбаев күнөөлүү болсо жазасын сөзсүз тартат деп билдирди”, - деди Акаев. Ошондой эле Нарымбаевдин кармалышында саясат жок экенин кошумчалады.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев бүгүн Башкы прокуратурага суракка чакырылып, ушул эле күнү коррупцияга шектелип камакка алынганын башкы көзөмөл органы кабарлаган. Ал парламент депутаты Хажимурат Коркмазов аркылуу камактагы депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан ири суммадагы акча алган деп шектелүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG